Fandom

Scratchpad

Kyrgyz language

215,972pages on
this wiki
Add New Page
Discuss this page0 Share

Ad blocker interference detected!


Wikia is a free-to-use site that makes money from advertising. We have a modified experience for viewers using ad blockers

Wikia is not accessible if you’ve made further modifications. Remove the custom ad blocker rule(s) and the page will load as expected.

Орус тилинин расмий статусу калабы?

“Интерфакс” агенттиги Россиянын Бишкектеги элчиси Кыргызстандын жаңы конституция долбоорлорунан орус тилинин расмий статусун алып салуу аракеттерин сынга алганын кабарлоодо. “Интерфакс” орус элчиси Евгений Шмагиндин “Орус тилинен расмий статусту алып салуу - бул тилди басмарлоого барабар,” - деп айткан сөздөрүнө шилтеме жасаган.


Политолог
Орус тилинин расмий статусу мындан ары да сакталса, анда кыргыз тили орус тили менен атаандаша албайт


Аскарбек Мамбеталиев

Орус тили Кыргызстанда 2000-жылдан баштап расмий тил сатусун алып жүрөт. Бирок бул кыргыз коомчулугунда ар түрдүү карама-каршы пикирлерди пайда жаратып келген.

Айрым топтор орус тилгине расмий статус берилгени кыргыз тилинин өнүгүшүнө жолтоо болуп жатат дешүүдө. Жакында Конституциянын жаңы долбоорунун бир нече версиясынан орус тилинин статусу алынып салынган.

Ал эми орус тилинин жактоочулары, эларалык байланыштар тили катары орус тилинин расмий статуска ээ болуп турушу маанилүү деген жүйөө келтиришүүдө.

Политолог Аскарбек Мамбеталиев, Американын Массачусетс унивеситетинин бүтүрүүчүсү. Ал “орус тилинин расмий статусу мындан ары да сакталса, анда кыргыз тили орус тили менен атаандаша албайт,” - деп ишендирүүдө.


Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы
Улуттук дөөлөтүбүздү билбесек, анда буга эмне үчүн орус тили күнөлүү болушу керек?!” 


Дастан Сарыгулов

Орус тилине расмий статус берилген 2000-жылдан тартып эле, кыргыз коомчулугунда эки ача пикирлер көп айтылып жүрөт. Орус тилинен расмий саттусту алуу идеясы, айрыкча, Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө колдоого арзыбаганы байкалат. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, орус тилинин өлкөдө расмий тил катары колдонулушунан кыргыз баалуулуктары жабыр тартат деген пикирлерге караманча-каршы.

“Улуттук дөөлөтүбүздү билбесек, анда буга эмне үчүн орус тили күнөлүү болушу керек?!” – дейт Сарыгулов.

Жакында эле кыргыз президенти “орус тили улуттар аралык биримдиктин тили болушу керек” деп айтып, жогоркудай ойлорду бекемдегендей болгон. Анткен менен, Кыргызстандын жаңы Конституция долбоорлорунун дээрлик баардыгында орус тил макамы эскертилген эмес. Кыргызстандагы Славяндык фонд бирикмесинин төрагасы Валерий Вишневский Кыргыз бийликтерин өлкөдө орус тилинин расмий статусун сактап калууга үндөөдө.

“Орус тили өзүнө абдан көп маалыматтарды камтыгандыгы үчүн сыймыктанамын. Бул турмуш чындыгы экенинде талаш жок. Көптөгөн КМШ өлкөлөрдүндө бүгүнкү күнү дээрлик бардык жыйындар орус тилинде эле өтүп жатпайбы” – дейт славян фондунун өкүлү.

Бирок, саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиев, расмий тилдин айланасындагы талаш-талкуулардын артында өлкөнүн эгемендүүлүгү жөнүндө сөз болуп жатканын айтууда. “Эне тилибиз жоголсо, анда эртеби-кечпи мамлекеттүүлүгүбүз да жок болорун аңдап сезишибиз керек” – дейт политолог.

Кыргызстан мурдагы Советтер союзуна кирген республикалардын ичинен орус тилине расмий статус берген жападан жалгыз өлкө. Ушундай эле демилгелер жакында Орусия менен теги бирге Украинада да көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес.

Also on Fandom

Random wikia